Биз менен байланышыңыз

Вашингтондо коменданттык саат 21-январга чейин киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 781 | 0

АКШнын баш кааласы Вашингтондо 7-январь таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат жарыяланды. Андан кийин баш калаадагы өзгөчө кырдаал режими 21-январга чейин узартылды. Мындай билдирүүнү Колумбия округунун мэри Мюриэл Боузер жасады.

«Бүгүнкү окуялар жана уланып жаткан өзгөчө кырдаал коомдук коопсуздукка коркунуч келтирүүдө. Бул жарлыкка ылайык, өзгөчө кырдаал режими 15 күнгө узартылды», — деп айтылат Боузердин билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, 6-январда Трамптын тарапташтары шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, нааразылык акциясына чыгышкан. Андан кийин алар Капитолийдин имаратына киришип, эшик терезелерди талкалаганга аракет кылышкан. 6-январда кош палаталуу Конгресс шайлоо боюнча расмий жыйынтык чыгаруу үчүн жыйынга чогулган болчу. Башаламандыктын натыйжасында, нааразычылык акциянын катышуучулары менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. Полиция башчысынын айтымында, болжол менен 20 адам кармалып, 4 адам көз жумган. 

Copyright © 2017 Maral FM