Биз менен байланышыңыз

УКМК: Шайлоо алдында кырдаалды курчуткандар жоопкерчиликке тартылат

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 600 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштерин жүргүзүүдө.

Мекеменин 6-январда тараткан маалыматында, шайлоо алдындагы кырдаалга мониторинг кылуу үчүн ыкчам штаб иштеп жатканы кабарланды.

Атайын кызмат шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, диний-экстремистик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын уюштургандарга өзгөчө көңүл бурууда.

«Мамлекеттин стратегиялык маанилүү объектилеринде терроризмге каршы коргоону чаралары күчөтүлдү. Укук коргоо органдары жана чек ара кызматы менен биргеликте террористик, диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн табуу максатында жарандардын кирүү-чыгуу каналдарында чыпкалоо иштери, чектеш аймактарда жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

УКМК шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга жана туруксуздукка алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырат. Ошондой эле чагымчыл маттериалдарды тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM