Биз менен байланышыңыз

«Акыр-чикир саясатчылардан арылмайынча өнүгүү кыйын»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Янв 2021 | 1437 | 1

Тилекке каршы өнүгүү жолуна түшөлү деген тилектерди көздөгөн киши жок болууда. Бийликти бир адамдын колуна чогултуу аракеттери болуп жатат. Мындай пикирин Конституциялык референдумда баарына каршы топтун мүчөсү Азият Жекшеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«30 жылдан бери аренада жүргөн акыр-чикир саясатчылардан арылмайынча, өнүгүү жолуна түшүү кыйын. Саясий аренада ар кандай интригалар болуп жатат. Садыр Жапаров октябрда люстрацияга барса болмок. Тилекке каршы, элдин ишенимин пайдаланып, келген топ тескери жакка бурулду. Элге кызмат кылуунун ордуна калкты кулга айландыруу максатын көздөштү. Мындан улам алгачкы кадамдары люстрация, экономикалык кризистен чыгуу болбой, референдум жарыялашты», — дейт Жекшеев.

Анын айтымында, референдум жарыялоо логикага дал келбейт жана мыйзамсыз.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: "Нопок сиёсатчилардан халос бўлмагунимизча ривожланиш қийин" - 0

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM