Биз менен байланышыңыз

«Пазл Ашар туризм» Кыргызстанга көбүрөөк турист алып келүүнү көздөйт

Экономика | 5 Янв 2021 | 39442 | 0

4-январда Улуу Британиянын «Гардиан» басылмасы окурмандарынын сунуштарынын негизинде 2021-жылы саякат жасоого ылайык жайлардын тизмесин жарыялады. Тизменин сап башында Кыргызстан турат. Басылма айрыкча Жеңиш чокусун баса белгилеп, «Кыргызстан — Борбор Азиядагы аталышына «стан» мүчөсү уланган өлкөлөрдүн эң жакшысы» деп сыпаттаган.

Буга удаа эле Кыргызстанга чет элдик туристтерди тартуу максатында «Пазл Ашар туризм» долбоору уюштурулду. Чет элдик туристтерди кызыктыруу үчүн аталган долбоордун алкагында тартылган видеотасмаларга кеткен каражатты кайдыгер эмес жарандар каржылады. Долбоордун уюштуруучуларынын бири, Кыргызстандагы туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров бул аракеттер туризмге чоң салым кошорунан үмүт артат.

«Азыр интернет түйүндөрүндө Кыргызстандын кооз жаратылышы тартылган видеолор көп. Биз бул жолу өзгөчөлөнүп, тоодон лыжа менен түшүп келе жаткан улуттук кийимчен кыз менен баланы тарттык. Ролик тоонун башында комуз чертип отурган адамдан башталат. Бул тасма Караколдо тартылды. Ал жердеги мейманкана, тамактануучу жайлар биздин тартуучу топту жашай турган жер жана тамак-аш менен камсыздады. Кыргызстандагы кайдыгер эмес ар бир жаранды туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошууга чакырат элем». 

Видеороликти тарткан оператор Марат Закиров аталган иши үчүн акы алган эмес. 2 мүнөт 30 секундду түзгөн тасма үзгүлтүксүз бир кадр менен тартылып, бул оператор үчүн да тажрыйба болгон. Закировдун айтымында, ал Кыргызстандын туризм тармагына салым кошууну көздөгөн.

«Бул жарнамалык роликтин башкы максаты — чет элдик туристтердин көңүлүн буруу болгон. Баарыбызга белгилүү болгондой, азыр дүйнө эли коронавирустан кооптонуп үйлөрүндө отурат. Бүгүнкү күндө туристтерди тартуу, Кыргызстандын туризм тармагын көтөрүү үчүн көптөгөн иш-аракеттер көрүлүүдө. Ошондуктан ар бирибиз колубуздан келген салымыбызды кошсок, абдан жакшы болмок. Мен да ушул ишим менен бир аз болсо да, бул тармакка салым кошкум келди».

Туризм тармагын алдыга жылдыруу үчүн кооз жайлар тартылган видеолор эле жетиштүү деп айтууга болбойт. Ага кошумча мамлекеттик деңгээлде да иштер жүрүшү керек. Алсак, Кыргызстанга келүүнү жеңилдетип, визаларды жокко чыгаруу, түз аба каттамдарын ачуу да зарыл. Мындай сунушун Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Дамир уулу берди.

«Биринчиден, визаларды жокко чыгаруу керек. Мурун бизде 52-57 гана өлкө бар эле. Ал санды 100гө жеткирүү керек. Эгерде биз дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка туруштук берип, Кыргызстан дүйнөлүк рынокто ордун таба алсын десек, анда визаларды жокко чыгаруу кажет. Экинчиден, авиацияны кара тизмеден эртерээк чыгаруу зарыл. Жок дегенде Европанын же Чыгыш-Түштүк Азиянын чоң-чоң шаарлары менен Бишкекке аба каттамдарын ачуу шарт. Ошондо баа ылдыйлайт. Баа ылдыйлаганда, биз дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка туруштук бере алабыз». 

Эскерте кетсек, «Пазл Ашар туризм» долбоору туризм тармагына гана багытталбастан, кайдыгер эмес жарандардын жардамы аркылуу коомго пайда алып келүүнү да көздөйт.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM