Биз менен байланышыңыз

Жапаров жекшемби сайын жүрүшкө чыккандар тууралуу үн катты

Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 574 | 0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров «Мыйзамдуулук үчүн» деп аталган жүрүштүн уюштуруучуларын сындады.

Анын Фейсбуктагы баракчасына жазылган билдирүүдө «Референдумга каршыбыз» деген митингдерди уюштургандардын жашыруун максаты бар экени айтылат.

Бишкекте жекшемби сайын жарандык активисттер, юристтер нааразылык жүрүш уюштуруп мыйзамдуулук орношун талап кылып келишет. Алардын жүрүшү темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, борбордук «Ала-Тоо» аянтында аяктайт.

Буга чейин Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшүндө айтылган талаптары боюнча комментарий берген. Ал:

— Учурдагы саясий кырдаалдан пайдаланып, деструктивдүү күчтөр өлкөнү солкулдаткысы келет. «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык маршы» деп аталган иш-чаранын уюштуруучулары коомго туура эмес маалымат берүүнү токтотушу керек. 10-январда эл чагымчылардын артынан ээрчибестен, өз тандоосун жасашы керек», — деп билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM