Биз менен байланышыңыз

Референдум тууралуу жарандар эмнелерди билиши керек?

Саясат | 4 Янв 2021 | 869 | 0

Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өтөт. Анын негизги максаты: башкаруу формасы боюнча жалпы элдин оюн билүү. Бирок бүгүнкү күнгө чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй: «Президенттик республика болсо, кандай башкаруу системасы күтөт? А кокус парламенттик башкаруу тандалсачы? Же баарына каршы болгондор көпчүлүктү түзүп, референдум өтпөй калса, кандай болот?» — деген сыяктуу маселелер боюнча коомчулукка толук маалымат жеткирилбей келет. 

Референдумга катышуучулар «президенттик», «парламенттик», «баарына каршы» деген үч варианттын бирөөсүн гана тандашы керек. Добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны 3 млн 558 миңден ашуун. Референдум өттү деп табылышы үчүн жалпы шайлоочулардын 30%ы, же болбосо 1 млн 67 миң 400 жаран катышуусу шарт. Эгерде катышуучулар бул чекке жетпей калса, референдум өтпөгөн болуп саналат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында кайсы вариантка көп добуш берилсе, ошол башкаруу негиз катары кабыл алынат. Ошого жараша Конституциялык кеңешме кайра иштеп, элге жаңы Конституциянын долбоору сунушталат. Эгерде «баарына каршы» деген вариантты тандагандар көп болсо же добуш берүүчүлөрдүн 30%ынан азы катышкан болсо, азыркы башкаруу президенттик-парламенттик бойдон калат. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев ырастады.

Ал  бул жолку референдумдагы шашылыш аракетти да сынга алды. Анткени референдум үчүн кеминде 4 ай убакыт керектелет. Себеби эл сунушталып жаткан башкаруу формалары тууралуу маалыматка ээ болушу керек. Анан дагы атайын үгүт топтору ишмердүүлүгүн башташы үчүн БШКдан каттоодон өтүп, фонд ачышы кажет. Азыр 18 үгүт тобу ачылганы менен активдүү аракети көп байкала элек. Анан дагы «Референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзамдын негизинде төрт айдан кем эмес убакыт берилиши керек болчу.

Референдумдун жыйынтыгы менен президенттик башкаруу тандалса, анда жаңы Конституция кабыл алынып, ага кайсы бийликтин бутагы кандай ыйгарым укуктарга жана жоопкерчиликтерге ээ боло тургандыгы каралат. Андан кийин бардык бийлик органдары жаңыдан түптөлөт. Юриспруденциянын «Мыйзам артка иштебейт» деген ченемине ылайык, алты айлык мөөнөттүн ичинде жаңы Конституция кабыл алынып, президент да кайрадан шайланып келет. Бул боюнча бир катар талапкерлер да теледебаттарда сөз кылышты. Бирок БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев муну башкача түшүндүрдү:

«Эгерде кайсы бир формасы тандалса, кийинки кадам конституциялык реформага барса, ошон негиз кылып алат. Президенттик республика тандалса, конституция ошого ылайыкталып жазылат. Бул жерден «парламенттик» менен «президенттиктин» мааниси ошол эки институттун ыйгарым укуктарынын берилиши. Кайсы бийлик бутагы кайсы укуктарга ээ болот? Башка маселеге мунун эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан бул маселе кийинки конституцияга өзгөртүү киргизилгенде гана каралып, эске алынышы мүмкүн».

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 8 жолу референдум өткөргөн. Азыркы референдум 2016-жылы түзөтүү киргизилген Конституциянын негизинде өткөрүлүп жатат. Эгерде референдум элдин колдоосуна ээ болбой калса, анда бүгүнкү башкаруу системасы жана учурдагы Конституция күчүндө калат. Ошондой эле шайлоочулар үчүн «Форма №2» жокко чыкканына байланыштуу жарандар референдумга да өзү катталган аймактан гана катыша алат.

Copyright © 2017 Maral FM