Биз менен байланышыңыз

Анаркулов мыйзамдуулук үчүн тынчтык маршына чыккандарды чагымчыл деп атады

Кыска кабар | 3 Янв 2021 | 1292 | 0

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ар жекшемби күнү болгон мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшүндө айтылган талаптары боюнча комментарий берди.

— Жөө жүрүшкө катышкандардын айткан бардык талаптарына мамлекет тарабынан жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди. Анын ичинде жеке талапкерлердин шайлоо процессине катышуу мыйзамдуулугу жөнүндө да маалымат берилген. Буга байланыштуу мен митингдин уюштуруучуларын атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу менен коомчулукту адаштырбоого чакырам. 

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү шайлоо өнөктүгү учурунда бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөнүн, кимдир бирөөгө административдик кысым көрсөтүү ыкмаларына жол берилбей турганын билдирүүдө.

«Ачыгын айтканда, учурдагы саясий кырдаалдан пайдаланып, деструктивдүү күчтөр өлкөнү солкулдаткысы келет. «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык маршы» деп аталган иш-чаранын уюштуруучулары коомго туура эмес маалымат берүүнү токтотушу керек. 10-январда эл чагымчылардын артынан ээрчибестен, өз тандоосун жасашы керек», — деди Нургазы Анаркулов.

Бүгүн, 3-январда жарандык активисттер кезектеги нааразылык акциясына чыгышкан. Алар «Мыйзамдуу өлкө», «Референдумга жол жок» деген ураандарды айтып келишет.

Жүрүштүн катышуучуларынын пикиринде, Башмыйзамды өзгөртүү учурда иштеп жаткан Конституциянын талаптарын одоно бузат. Сунушталып жаткан жаңы долбоор өлкөдө бийликти бир кишинин колуна чогултуп, демократиянын өнүгүүсүнө доо кетирет.

Бүгүн мыйзамдуулук үчүн болгон акциянын онунчусу өттү.

Өлкөдө 10-январда президенттик шайлоо менен кошо башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM