Биз менен байланышыңыз

Дагы 4 жеке менчик лаборатория ПЧР анализин ала баштайт

Кыска кабар | 3 Янв 2021 | 771 | 0

Жарандарга чет мамлекеттерге чыгуу үчүн COVID-19 илдетине текшерилүүнү эки мамлекеттик лаборатория жүргүзүп жатат. Лабораторияда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун эрежесине ылайык, анализ ПЧР ыкма менен алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын биринчиси — Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсүндө №535 үйдө жайгашкан вирусологиялык референс-лаборатория, экинчиси — Ош шаарындагы Байтемиров, 53 дарегиндеги лаборатория.

Маалыматка ылайык, анализ тапшыруунун баасы 1574 сомду түзүп, жыйынтыгы үч тилде 6-8 сааттын ичинде чыгат. Бирок бул лабораторияларда ооруканаларда дарыланып жатып коронавируска шектелип текшерилген бейтаптарга артыкчылык берилет. Алар акысыз жана чет өлкөгө кетүү үчүн анализ бергендерден биринчи текшерилет.

Мамлекеттик лабораториялар чет өлкөгө чыгуу үчүн анализ тапшыргандарга кызмат көрсөтүүгө жетишпей жаткандыктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги анализ алууну каалаган жеке менчик лабораторияларга тийиштүү эрежелер менен аккредитациядан өтүүгө кайрылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги «Бонецкий», «Аква», «Гемотест» жана «Интермедикал» лабораторияларына коронавирустун анализин алууга уруксат берди. Бирок учурда алардын экөө гана иштеп жатат, алар «Бонецкий» жана «Аква» лабораториялары. Анализдин баасы — 2500 сом.

 

Copyright © 2017 Maral FM