Биз менен байланышыңыз

Сузак районунда жаш келин үч баласы менен иске ууланып каза тапты

Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 348 | 0

Сузак районунда жаш келин үч баласы менен иске ууланып каза тапты. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Окуя 1-январдан 2-январга караган түнү Сузак районунун Кашка-Терек айылында болгон. Анда 1991-жылы туулган жаш келин 9 жаштагы уулу жана 4 жашар эгиз уул-кызы менен иске ууланып калган.

«Келиндин кайната-кайненеси ушул эле короодогу башка үйдө болчу. Эртең менен келгенде төртөөнүн эс-учун жоготуп жатканын көрүшкөн. Дароо ооруканага жеткиришкен, бирок ал маалда сактап калууга үлгүрбөй калышкан. Каза тапкан маркумдун күйөөсү Москавада иштейт», — деген жергиликтүү тургундардын бири басылмага.

Дагы бир маалыматка ылайык, ушул үйдүн башка бөлмөсүндө жаткан 2005-жылы туулган жаш бала — каза тапкан келиндин кайниси кошо ууланган. Ал Бишкекке жеткирилип, Октябрь аймактык ооруканасына жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM