Жаңы жылды майрамдоодон соң, «Ала-Тоо» аянтынан 1 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу 1-январда Бишкек мэриясы кабарлады.
1-январда Бишкек шаары боюнча 537 тазалоочу жана 101 жүк жүктөгүч кадимки режимде иштеп жатат. Оор таштандыларды жүктөгөндөр 96 адам.
Санитардык тазалоо үчүн 35 айдоочу жана катуу таштандылар үчүн 44 айдоочу каралган.