Биз менен байланышыңыз

Орусия: Алексей Навальныйга кылмыш иши козголду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 762 | 0

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Lenta.ru» басылмасы жазды.

Навальный өзү Твиттердеги баракчасына бул кадамдын артында Путин турганын айтты.

Орусиянын Тергөө комитети 29-декабрда Алексей Навальныйга өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Навальный бир катар коммерциялык эмес уюмдардын муктаждыктары үчүн 588 миллион рублдан ашык акча чогулткан.

Кеп «Коррупцияга каршы күрөшүү» фонду, «Жылдын бешинчи сезону», «Массалык маалымат каражаттарын колдоо» фонду, «Жарандардын укуктарын коргоону уюштуруу жана координациялоо» фонду, «Жарандарды укуктук колдоо» фонду жана «ШТАБ» жарандардын укуктарын коргоо фонду тууралуу болуп жатат.

Тергөө бул каражаттын 356 миллионун жеке максаттарына жумшаган деп эсептейт. Навальный жеке мүлк, материалдык баалуулуктарды алуу, чыгымдарын жабуу, анын ичинде чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн жумшаган деп айтылууда.

Навальный: «Кыргыздар кыйынсыңар»

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөө чыгарган. Анда кол салууга аралашкан болушу керек деген орусиялык атайын кызматта иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Алексей Навальный 20-августта Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер аны тыюу салынган химиялык зат менен ууландырышканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM