Биз менен байланышыңыз

Навальный: «Кыргыздар кыйынсыңар»

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1283 | 0
Алексей Навальный 2017-жылы митинг учурунда

Орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный Твиттердеги баракчасына «Кыргыздар кыйын» деген пикирин жазды.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын алдын ала жыйынтыгында 4 партия  7 пайыздык босогодон өттү. Бирок калган партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай нааразылык акциясын башташкан. Түнү менен уланган акциянын аягында топтолгондор Ак үйдү басып алышты.

Учурда көпчүлүк мамлекеттик объектилерге да басып алуу аракети болууда. Көптөгөн мамлекеттик жетекчи кызматтагылар иштен кетүүгө арызын жазышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM