Анын айтымында, 1-декабрга карата физикалык жактардын карызы 2,34 трлн сумду (223 млн доллар) түзүп, эки ай мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 3,8 млн долларга азайган. Обиджанов бул биллинг системасы киргизилгендигинин натыйжасы экенин белгиледи.
Маалыматка караганда, электр энергиясы үчүн Самарканд облусунун карызы башка аймактарга салыштырмалуу көбүрөөк. Облус «Аймактык электр түйүндөрүнө» 655 млрд сум (62,5 млн доллар) төлөшү керек.