Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 30-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -4…-10, күндүз -2…+3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз -1…-3 градус болот.