Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев шайлоодо биригишти. Бул тууралуу Адахан Мадумаровдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Талапкерлер 29-декабрда басма сөз жыйын өткөрүп, биригүү тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле, эртең меморандумга кол коюлары да айтылууда.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер катышат. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүүдө.