Кечээ, 28-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин теледебаты башталды. Дебаттын биринчи күнүндө негизги талапкерлер болгон Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышты.
Биринчи раундунда «Кыргызстандын өнүгүү жолун мындан ары түздөп кетүү үчүн кандай башкаруу системасы, кандай башкаруу формасы керек?» деген суроо берилип, талапкерлердин көпчүлүгү өлкөдө аралаш башкаруу система болгону менен иш жүзүндө президент башкарып келгенин айтышып, парламенттик башкаруу маанилүү экендигин белгилешти. Бактыбек Калмаматов маселе башкаруу системасында эмес, мамлекетте ишке ашпай жаткан люстрацияда деген пикирде.
«Мамлекетти президент да, парламент да, өкмөт да башкарган жок. Мамлекетти криминалдар, кландар, олигархтар башкарып жатат. Ошондуктан биз Конституциядан тыш жашап жатабыз. Бүгүн да президенттик шайлоону арык аттап, суу кечпеген башкаруу системасын талашуу менен өткөрүп жибергени калдык. Кандай гана башкаруу системасы болбосун, биз кландардан, олигархтардан, коррупционерлерден, криминалдардан ажырамайынча, кутулмайынча, мамлекет ордунан отуз сантиметр жылбайт. Ошондуктан чындыктын бетине түз караганды үйрөнүшүбүз керек».
Андан соң көп жылдан бери чечилбей, мезгил-мезгили менен көтөрүлүп, кайра тынчып калып турган кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган тилкелер боюнча талкуу болду.
Тажикстан Кыргызстан тарап менен чек араны тактоодо тоготпос мамиле кылып жатканын Каныбек Иманалиев айтып өттү.
«Тажикстандын Согди облусунун ИИМ башчысы «Баткен — Тажикстандын жери» — деп айтса, аны биздин бир чиновник «менин досум» деп жүрөт. Ошол эле Ворухтагы тажиктердин кримтөбөлү «Шох» учурда тажик бийлиги тарабынан чек араны көзөмөлдөө үчүн коюлган. Алардын саясаты ушундай. А биздин криминал өз элин тоноп, коркутуп жүрөт».
Чек арага жакын жайгашкан айылдардын макамы жөнүндө мыйзам кабыл алынып, бирок аны талап кылган жана көзөмөлгө алган эч ким жок экендигине Адахан Мадумаров токтолуп, чек ара маселеси боюнча Кыргызстандын атынан сүйлөй ала турган жооптуу кызматкерди кызматка коюу керектигин сунуштап, буга чейин жалаң мурдунун суусун тарта албагандар коюлуп келгенин сынга алды.
«Бир жылда 220 миң жаран Кыргызстанды таштап, чет өлкөгө чыгып кетти, ошонун 54 %ы Баткен облусунан. Демек, биздин чек ара бошонгондон бошонуп, артка чегинип бара жатат. Экинчи маселе, мамлекеттин атынан сүйлөй ала турган бир «тулпарды» койгулачы. Жалаң эле мурдун аарчый албагандарды алып барып алып, «качырды тулпар» деп алып барып алып, маскарабыз чыгып жатканы ошондон да. Биздин кызыкчылыкты каккан казыктай коргой турган азаматтарыбыз бар. Бирок эмнеге ошолорду көтөрбөй келесиң?»
Ал эми Бактыбек Калмаматов чек ара маселесин чечүүгө кыргыз бийлиги жадагалса, кызыкдар эместигин, Баткенден жөн гана контрабанда эмес, наркотрафик өтөрүн айтты.
«Керек болсо, чек ара маселесин чечүүгө кыргыз бийлиги кызыкдар эмес, анткени кыргыз бийлиги ошол аткезчилердин да туткуну болуп калган. Сенин чек араң болсун, гербиң болсун, желегиң болсун, эгемендигиң жок болсо, анын эмне кереги бар? Бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгү жок, кагаздын бетинде калган. Кыргызстандын сырткы саясаты жетим жүгүрүк, кулчулук саясатка ээ болуп калган. Чек араны чечүү үчүн, тышкы саясатты чечүү үчүн жогорку дипломатиялык деңгээл керек. Чек ара маселесин чечүү үчүн эгемендүүлүктү камсыздоо керек; өз алдыбызча саясат жүргүзгөндү үйрөнүшүбүз керек; бир мамлекеттин кулу болгонду токтотушубуз керек; ошондо чек ара маселеси өзү эле чечилип калат».
Чек ара кызматынын УКМКнын курамына кошулуусу бир чети жакшы, бир чети азыркы бийликтин чек арада кызыкчылыгы барбы деген шек жарата тургандыгын Клара Сооронкулова дебатта айтты.
«Чек араны УКМК караганы жакшы, бирок азыр көп аймактар тактала элек. Ошолор такталып жатканда элге бардык маалыматтар, документтер ачык көрсөтүлүшү керек. Бул жагынан караганда УКМКда көп документ жабык болот. Экинчи жагдай, чек ара кызматынын өтө шашылыш түрдө УКМКнын курамына өткөрүлүүсү да шек жаратууда. Анткени азыр бардык документтер жабык болуп жатат».
Дебаттын жүрүшүндө президенттикке талапкерлер «Жетим-Тоо» кени боюнча да кеп козгошту. «Жетим-Тоо» кенин сырьё катары Кытайга ташып сатуу туура эместигин, ал Максим Бакиевдин долбоору экендигин Канатбек Исаев айтты.
«Жетим-Тоо» темир кенин Кытайга ташып сатабыз дегени туура эмес. Ал жерге завод салып, өзүбүздүн жарандарга жумуш орун түзүлүшү керек. Ошондо иштетсек болот. Муну экономикалык билими жок адам деле түшүнүп турат. Экинчи маселе, ал кенди убагында Максим Бакиев кытайлык компанияга арзан сатып жиберген болчу. Эми ошону кайра эле Кытайга экспорттойбуз дегени туура эмес».
Садыр Жапаровдун президенттикке барганга укуктук жактан мүмкүнчүлүгү жоктугун, мыйзамсыз соттолсо да, мыйзамдуу акталып, сот процедураларын ачык жүргүзүү керектигин Клара Сооронкулова белгиледи.
«Эки иши боюнча сот чечим чыгарыптыр, болгондо да мөөнөтү белгисиз, бир нече минутанын ичинде чыгарган чечим. Бир иши боюнча сот актаптыр, бирок буга чейин Жогорку Соттун айыптап чыгарган чечими бар. Анан Жогорку Сот акыркы даттанууга жатпаган чечимин кайра оңдоп туруп, актап жатат. Эми бул — мыйзам тургай, акылга да сыйбаган нерсе».
Дебаттын соңунда президенттике талапкерлер алдыдагы референдумдун жыйынтыгында президенттик башкаруу системасы тандалса, анда жаңы Конституция 6 айдын ичинде референдум жолу менен кабыл алынышы керектигин белгилешти.
Эске салсак, бүгүн, 29-декабрда Коомдук каналда президенттикке талапкерлердин теледебаты уланат. Ага Мыктыбек Арстанбек, Садыр Жапаров, Рашид Тагаев, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Элдар Абакировдор чыгат.