Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милиция кызматкерлерине кол көтөрүүгө шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 693 | 0

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкерлерине кол көтөрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

26-декабрда түндө 7-Апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа башка машиналардын жүрүшүнө тоскоолдук жараткан. Инспекторлор аны токтотуп, айдоочудан тиешелүү документтерди сураган. Бирок айдоочу менен жанындагы жүргүнчү каршылык көрсөтүшкөн.

Алардын бири кичи сержанттын погонун жулуп, экинчиси патрулдук милицияга кол көтөргөн. Мындан улам кызматкерлердин бири эскертүү иретинде асманга ок чыгарган.

Милициянын маалыматына караганда, кармалгандар 1990-жылы туулган Ж.Д., жана 2004-жылы туулган Ж.Д. аттуу жарандар экени белгилүү болду.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки тергөө жүргүзүлүүдө. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайда. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM