Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 млн доллардан ашык акчага келишим түзгөн

Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 584 | 0

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 1 миллион доллардан ашык суммага пайдасыз келишим түзүлгөнүн аныктады.

Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдары 2014-2019-жылдарга аудит жүргүзүү үчүн консультациялык кызматтарды сатып алууда мыйзам бузушкан. Алар мониторинг жүргүзбөй туруп, «D&T» компаниясына артыкчылык берип, 1 060 730 долларга келишим түзгөн.

2019-жылга тиешелүү тендер өткөрбөй туруп, компаниянын эсебине 63 миллион 804 миң 432 сом которулган.

2020-жылдын 5-декабрында бул факт Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинде (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 322-беренесинде (Билип туруп, зыяндуу келишим түзүү) каралган кылмыштардын белгилери боюнча катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM