Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө вирус жуктургандардын саны 80 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 810 | 0

Дүйнөдө коронавирустун тастыкталган учурларынын саны 80 миллиондон ашты. Коронавирусту жуктургандардын саны боюнча Америка Кошмо Штаттары лидер бойдон калууда, анда аталган оорунун дээрлик 19 миллион учуру аныкталган.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавирустук инфекциянын 80 миллиондон ашык учурлары аныкталган. Бул илдетке чалдыккандардын ичинен 1,7 миллиондон ашыгы каза болсо, 45 миллиондон ашуун бейтап сакайган.

Инфекцияга эң көп АКШда кабылып, 18,7 миллиондон ашык адамдан аныкталган. Ошол эле учурда АКШда 330 миң адам каза болгон. Жугуштуу оорулардын саны боюнча экинчи орунда Индия турат. Анда коронавирустун 10,1 миллион учуру катталып, 147 миң адам көз жумган. Андан кийинки үчүнчү орунда Бразилия турат, анда 7,4 миллион адамга коронавирус жугуп, 190 миң бейтап көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM