Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 490 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 26-декабрда саат 16:28де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Таш-Кыя айылдарында 5 балл, Көтөрмө, Гайрат айылдарында 4 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, Ош облусунун Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында 4 балл, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM