Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 26-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынын аймактарында кар жаайт.
Күндүз Талас, Баткен, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында кар жаашы мүмкүн.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +0…+5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10 градус.
Бишкекте 26-декабарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +1…+3 градус болот.