Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардан» түшкөн акчага 37 тез жардам унаасы алынды (видео)

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 722 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка «Соболь» жана «Газель» үлгүсүндөгү 37 тез жардам автоунаасы, Ислам өнүктүрүү банкынын каражатына «Форд Транзит» үлгүсүндөгү 12 реанимобиль алынды.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшаналиев бул унаалар өлкө аймагындагы ооруканаларга берилерин кабарлады.

Тез жардам унаалары төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

Чүй облусуна – 7 (Газель-4, Соболь-3);

Баткен облусуна – 4 (Газель-1, Соболь – 3);

Ысык-Көл облусуна – 6 (Газель-2, Соболь-4);

Ош облусуна – 10 (Газель-1, Соболь – 9);

Жалал- Абал облусуна – 4 (Соболь-4);

Талас облусуна – 2 (Газель-1, Соболь-1);

Нарын облусуна – 3 (Соболь-3);

Саламаттыкты сактоо министрлигинин автобазасына – 1 (Газель).

Ал эми «Форд Транзит» үлгүсүндөгү, ИВЛ аппараты камтылган 12 реанимобиль төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

Бишкек шаарынын ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборуна – 6;

Санавиацияга – 2;

Ош шаарынын ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборуна – 2;

Талас ыкчам жардам көрсөтүү борборуна – 1;

Ош облусунун аймактар аралык бириккен клиникалык ооруканасына – 1 реанимобиль берилет.

Copyright © 2017 Maral FM