Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга коронавирустун жаңы түрүн киргизбөө боюнча чаралар көрүлүүдө

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 840 | 0

Кыргызстанга коронавирустун жаңы түрүн киргизбөө боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб кабарлады.

25-декабрда штаб бул маселени талкуулап, чек араларда санитардык-эпидемиологиялык жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлгөнү айтылды.

Кыргызстан менен түз транспорттук байланышта болгон мамлекеттер менен коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышын алдын алуу, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча тыгыз кызматташуу тапшырмасы коюлду.

Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттыкты сактоо мекемелерин медикаменттер менен жабуу максатында, саламаттыкты сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Британияда капысынан табылып, элге тездик менен жайылып бараткан, эми Европанын башка мамлекеттерине коркунуч туудурган вирустун мутацияланган түрү элди, ошондой эле бийликти да дендароо абалга алып келди. Британ бийлиги пайда болгон коронавирустун жаңы түрү демейдегиге салыштырмалуу 70 пайыз жугуштуулугу менен кооптуу экендигин айтты.

Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү коркунуч жаратууда

Copyright © 2017 Maral FM