Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда көмүрдүн баалары бир айда 4% кымбаттады

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 474 | 0

Кыргызстанда көмүрдүн орточо чекене баалары бир айда 4,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Ушул жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 24-декабрга карата республика боюнча орто эсеп менен бир тонна көмүрдүн баасы 190 сомго кымбаттаган.

2020-жылдын 24-декабрына карата Ноокатта бир тонна көмүрдүн баасы — 8 406 сом, Баткенде бир тоннасы — 8 068 сом жана  Исфанада — 7 797 сом.

Балыкчы шаарында көмүрдүн бир тоннасы — 3 700 сом, Нарын шаарында — 3 500 сом жана Чаек айылында — 2 500 сом болгон.

Мындан тышкары, көмүрдүн чекене баасы эң көп Аксы районунун Кербен шаарында бир тонна көмүрдүн баасы 1 917 сомго же 51 пайызга, Өзгөндө 1 371 сомго же 30,8 пайызга, Кара-Сууда  тоннасы 500 сомго же 9,1 сомго жогорулады.

Айрым калктуу конуштарда көмүрдүн наркы мурунку айга салыштырмалуу өзгөргөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM