Биз менен байланышыңыз

Өндүрүштүк калдыктарды өрттөп жатканын көрүп калгандар кайда кайрылат?

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Дек 2020 | 1045 | 0

Өндүрүштүк калдыктарды өрттөп жаткандарды көргөн жарандар Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын 0705 56 47 56 Whatsapp номуруна кабар берсе болот. Бул тууралуу аталган инспекциянын адиси Азат Ракымов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«1840 жана 1850 кыска номуруна байланышып, кабар берсеңиздер да болот. Эл тараптан келген кайрылууларды карап, объектиге барып текшеребиз. Жообун кайра алышат», — дейт Ракымов.

Анын айтымында, арызданып кайрылган жарандын купуялуулугу сакталат.

Санитардык-экологиялык инспекциянын адистери шаар тургундарын таштандыларды жана өндүрүштүк калдыктарды өрттөбөөгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM