Биз менен байланышыңыз

«Өндүрүштүк калдыктарды өрттөө боюнча 2,5 млн сомдук айып пул жазылды»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Дек 2020 | 429 | 0

Жаңы конуштарда өндүрүштүк калдыктарды өрттөө фактылары өткөн жылдарга салыштырмалуу аз катталууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын адиси Азат Ракымов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, таштандыларды өрттөөдө жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми өндүрүштүк калдыктарды өрттөө боюнча жеке жактарга 7500 сом, юридикалык тараптарга 23 миң сом айып каралган.

Быйылкы жылдын эсебинен жаңы конуштарда өндүрүштүк калдыктарды өрттөө боюнча 2,5 млн сомдук айып пул жазылды.

Тийиштүү мыйзамга ылайык, өндүрүштүк калдыктарды (кездемелердин калдыктарын, жалбырактарды, дөңгөлөктөрдү. желим бөтөлкөлөрдү) өрттөөгө тыюу салынат.

«Аталган материалдарды өрттөө адамдын ден соолугуна олуттуу зыянын тийгизет. Муну менен катар абанын булгануусуна да бирден-бир себепкер. Ошондуктан тыюу салынган», — дейт Ракымов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM