Биз менен байланышыңыз

Матраимовдун 9 батири УКМКнын кызматкерлерине берилет

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 1062 | 0

Райымбек Матраимовдон мамлекеттин эсебине алынган 9 батир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине берилет. Бул тууралуу Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Ооба, биздин өлкөдө мугалимдер, врачтар турак жайдан кыйналып жатат. Бирок бул 90 квартира эмес, 9 эле батир. Ошондуктан тогуз квартираны мамлекетке алууну чечтик. Биздин кызматкерлердин арасында деле жылдап иштеп, бирок үйү жок жүргөндөр бар», — деди Ташиев.

Ташиевдин маалыматына караганда, Матраимов бюджетке 2 млрд сом төгүү боюнча тергөө менен келишкен. Учурда ал сумманын 1 млрд 400 млн сому накталай түрдө бюджетке которулду.

Ал эми калган акча кыймылсыз мүлк катары мамлекеттин эсебине алынды. Анын ичинде бир соода борбору жана тогуз батир бар.

Соода борбору мамлекеттин эсебине өткөрүлүп, сегиз батир УКМКнын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө берилмей болду.

Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду толук төктү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM