Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Үмүт» эл аралык кинофоруму жыйынтыкталат

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 403 | 0

Бүгүн, 24-декабрда кечки саат 17:00дө «Үмүт» эл аралык кинофорумунун расмий жабылышы өтөт.

«Ала-Тоо» кинотеатрында орусиялык режиссер Максим Дашкиндин «Алыскы чекте» («На дальних рубежах») тасмасы көрсөтүлөт.

КМШ мамлекеттеринин кинофорумунун ачылышы 22-декабрда болуп, ага Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана Кыргызстандын кино ишмерлери, Казакстан, Орусия, Беларусия, Өзбекстан жана Армениядан келген жаш кинорежиссерлор катышкан.

Бул форум КМШ мамлекеттеринин жаш режиссерлорун табуу, таланттуу жаштарды колдоо, кинематография жана маданият жаатында диалогду өнүктүрүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.

Форумда сынак эки багытта каралат. Алар КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун эл аралык конкурсу – жалпы 14 кино катышты. Ал эми улуттук тасмалар боюнча жалпы атамекендик 17 тасма көрсөтүлүп, калыстар тобунун элегинен өттү. Байгелери жабылыш аземде салтанаттуу тапшырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM