Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 529 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт.

Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышат.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси, ошондой эле стратегиялык объектилердин тизмесине сунуштамалар  каралат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков коронавирус шартында шайлоого жана референдум өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө маалымат беришет.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны саат 11:00дө башталып, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын «Ала-Тоо-24» телеканалында жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM