Биз менен байланышыңыз

Газдын баасын арзандатуу аракетинен майнап чыгабы?

Экономика | 23 Дек 2020 | 985 | 0

Мындан бир канча ай мурун, тагыраагы, апрель айында «Газпром» компаниясы Өзбекстандан газды дүңүнөн сатып алып, Кыргызстанга ар бир кубун 250 доллардан сатары маалымдалган. Ошол эле учурда Тажикстан Өзбекстандан эки тараптуу келишимге ылайык газдын бир кубун 120 доллардан сатып алып турган. Ал арада өлкөдө көгүлтүр отунга болгон баа 2,3 сомго кымбаттаган. Бүгүнкү күндө газдын баасы куб метрине 18 сомду түзүүдө.

«Газпром Кыргызстан» ААК жетекчисинин орун басары Арзымат Алдаяров бүгүнкү күндө табигый газдын ар бир кубу 150 доллардан сатылып алынарын билдирди. Ал өз сөзүндө Кыргызстан жаратылыш газын импорт кылган өлкө болгондуктан, көгүлтүр отко болгон тарифтин көтөрүлүшү доллардын наркынын өсүшүнө байланыштуу экенин айтты.

«Тарифтин түзүмүндө газды сатып алуу наркы 70 пайыздан жогору. Ал эми азыркы 1-декабрга коюлган тариф боюнча, ошол 18 сомдун ичинде, ал 12 сом 70 тыйынды түзөт. Белгилеп кетчү жагдай, өзүбүздө газ жок. Бизди кошуна Казакстан, Өзбекстан, Орусия мамлекеттери менен салыштыруу туура эмес. Анткени ал өлкөлөрдө жаратылыш газы бар. Алар ошол газды тышка кымбат сатып, өзүнүн элине төмөндөтүп берет. Ага байланыштуу бизди газды экспорттогон эмес, импорттогон өлкөлөрдүн катарына кошуу туура болот. Мисалы ошол эле Грузия, Молдова, Армения деген өлкөлөр менен салыштыруу керек. Андан сырткары ташып келүү чыгымдарын эске алуу керек. Чек арадан сатып алып келип, ар бир үйгө таратуу үчүн да каражат кетет. Ал 3 сом 60 тыйынды түзөт, андан сырткары газ түзүмүнүн ичинде ченемдик жоготуулар бар, ал 1 сом 30 тыйынды түзөт. Эмгек акы фонду деген бар, ал 2 сом 60 тыйынды түзөт».

Өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин тарифтик жана нарктык жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Абайылда Адылбек уулу мындай кырдаал буга чейин да жаралганын маалымдады. Мындан улам 2016-жылы да доллардын наркынын өсүшүнө байланыштуу жаратылыш газына болгон баа өскөн.

«Алсак, 2016-жылы быйылкы жылдагыдай болуп, доллардын баасы өсүп кеткен. Ошол убакта акыбалдан чыгуу үчүн өлкө башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Буга чейин айтылган 165 доллардан 150 долларга көгүлтүр отундун баасы төмөндөтүлгөн. Ага байланыштуу тарифтик баа турукташкан».

Абайылда Адылбек уулу азыркы учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Анын айтымында, доллардын баасы төмөндөгөн күндө да, муну такыр жоюп салуу кыйынга турат. Бөлүм башчы жаратылыш газынын баасын туруктуу сактап калуу үчүн олуттуу кадамдарга баруу керек деп эсептейт.

«Биринчиден, 150 долларды азайтуу керек. Балким 120 долларга түшүрүү маселени чечкенге жардам берет. Экинчиден, соода-сатыкты рублга өткөрүү керек. Бирок бир маселе бар: Кыргызстанга рубль менен сатып, башка өлкөлөргө доллар менен сатууга Орусия тарап макул болбой коюшу мүмкүн. Ошондуктан эң оптималдуу вариант катары так бир суммага байлап коюу болуп саналат». 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда газдын баасын жөнгө салуу Орусия менен 2013-жылдын 23-июнунда кол коюлган эки тараптуу макулдашууга ылайык жүргүзүлөт. Анда Кыргызстанды жаратылыш газы менен камсыз кылуу «Газпром Кыргызстан» компаниясына жүктөлгөн.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM