Биз менен байланышыңыз

«Экономикалык мунапыс» мыйзамы көмүскө бизнести ачыкка чыгарабы?

Саясат | 23 Дек 2020 | 692 | 0

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоорунун толук иштелип чыгышы керектигин айткан үч депутат: Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева жана Дастан Бекешов эки окууда тең каршы добуш беришти.

Долбоордун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаеванын айтымында, аталган долбоор бюджетте тартыштык орун алып турган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоону каалаган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалган. Ошондой эле мүлкүн өз ыктыяры менен адалдаштырган ишкерлерге карата текшерүү жүргүзүлбөй тургандыгын, эгер тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү башталган күндө да, декларацияланган документтер көргөзүлөрү менен ишти кароо токтотуларын белгиледи.

Ал эми депутат Аалы Карашев Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли канча пайыз экенин сурады.

Бул суроого Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев жооп берип, мыйзамдын негизги максаты каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу экенин билдирди.

«Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматы боюнча көмүскө экономиканын деңгээли 23,6 %. Көз карандысыз уюмдардын изилдөөлөрү 2016-жылы болгон, анда 30 % деген экен. Андан бери изилдөө боло элек». 

Орун басардын жообунан кийин эл өкүлү мыйзамдын толук иштелип чыкпаганын жана жыйынга чакырылган атайын өкүлдөрдүн суроолорго даярданбай келгенин сындап, бирок мыйзамдын абдан маанилүү экендигин айтты.

«Бул — бурулуш реформаларды жасап кетүүгө боло турган мыйзам. Азыр силердин жообуңарды угуп, канааттанбай жатабыз. Буга чейин үч жолу амнистия болуп, эми төртүнчүсүндө да иштеп кетерине көзүм жетпей жатат. Керек болсо экинчи окуу режимине алып келип, комитеттен  кайра карап, кийинки талкууга кайра алып чыксак жакшы болот эле».

Ал эми депутат Бактыбек Турусбеков азыркы мунапыс буга чейинкилерден таасирдүү экенин белгилеп, мыйзам долбоору боюнча Өкмөттүн кортундусуна кызыкты.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов Өкмөт аталган долбоорду толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

«Бул мыйзам долбооруна Өкмөттүн сунушу жана эскертүүсү жок деп, расмий түрдө колдоп бергенбиз».

5-6-октябрда болуп өткөн башаламандыктардан кийин абактан чыгып, өкмөт башчылыкка дайындалган Садыр Жапаров 21-октябрда экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялап, акчаларын казынага кайтаруу үчүн 30 күн убакыт берген. Көп өтпөй башпрокурор Курманкул Зулушев мунапыстан мамлекеттик казынага дээрлик 400 млн сом түшкөнүн маалымдаган. Ал эми Садыр Жапаров өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын токтотуп туруу алдында берген маалымат жыйынында экономикалык мунапыс ийгиликтүү ишке ашарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM