Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын саны 80 миңге чамалады

Кыска кабар | 23 Дек 2020 | 491 | 0

Кыргызстанда 23-декабрга карата COVID-19 инфекциясынан дагы эки бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1337ге жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинин 230 жаңы учуру аныкталды. Ушуну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 79 миң 659ду түзүүдө.

23-декабрга карата коронавирустан 261 адам айыгып, оорудан сакайгандардын саны 73 миң 651ге жетти.

Стационарларда 1453 бейтап дарыланууда, анын ичинен:

-18 адам канааттандыраарлык абалда;
-955и орто оордукта;
-402 адам оор абалда;
-78 бейтап өтө оор абалда.

Ал эми үй шартында 2414 бейтап дарыланып жатат.

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алып, 3 кызматкер айыкты.

Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 4080ге жетип, анын 3850сү сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM