Биз менен байланышыңыз

Нурдөөлөт, Мээрим: «Апамдын махабаты» сериалынын уландысы бизге да кызык

Учурунда популярдуу болгон «Апамдын махабаты» сериалы баарыбыздын эле эсибизде болсо керек. Айрыкча, андагы агайы менен окуучусунун сүйүүсү бир топ талкуу жараткан. Ошол Кадыр агайдын жана анын окуучусу Керездин ролун аткарган актерлор Нурдөөлөт Копоев менен Мээрим Касаболотова «Марал» радиосунун «Үзөңгүлөш үч эрке» программасында конокто болушту.

Сериалга тартылууну  Мурат Мамбетов сунуштаган

Нурдөөлөт: — Ошол жылдары Москвадан окуумду бүтүп келип, «Учур» театрында иштеп баштагам. Күндөрдүн биринде актер Мурат Мамбетов: «Апамдын махабаты» сериалын тартып жатабыз. Ошондогу агайдын ролун сен ойнойсуң», — деп калды. Ага чейин китебин окугам, бирок ал жерде Кадыр агайдын образы кыска эле берилген. Сериалда болсо узартылып, көркөмдөлүп тартылган.

Мээрим: — Ал учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин актердук бөлүмүндө 3-курста окуп жаткам. Актер, режиссер Мурат Мамбетов агай: «Сени «Айыл өкмөтү» тасмасынан көрдүм, бери келчи», — деп чакырып, «Бир киного башкы каарманга тартам, аткара аласыңбы?» -деди. Керездин ролуна ошентип тартылып калгам.

Тасмадагы кызыктуу окуялар…

Нурдөөлөт: — Бир жума бою сьемкада жүрүп, андан соң Буранага спектакль койгону кеттим. Келгенден кийин чачымды аябай кыска, моделдик стилде алдырттым да, сьемкага жөнөдүм. Кирип барсам эле баары мени карап калышты. Мурат байкенин өңү купкуу болуп: «Эй, сенин башың иштейби? Чачыңды эмне алдырдың? Эми кантип улантып тартабыз?» — деди. Ошондо чачымды алдырбашым керек экени, окуя улантылып тартылары мээме жетти. Ал күнү Мээрим экөөбүздүн урушкан жерибиз тартылмак, чачымды алдырып салгандыктан, караңгыда тартылганбыз. Бул — режиссердун тапкычтыгы. Караңгыда баш кийим менен тартыла турган болдум. Бирок, ушул үчүн аябай уруш уккам, андан кийин режиссердун уруксаты жок эч нерсе кылбай турган болгом.

Мээрим: — Көл жээгинде тартылган сьемкабыз абдан кыйын болду. Жибек чөгүп кеткен учур болчу. Таңкы төрткө чейин тарттык. Суучулдар, куткаруучулар, милициялар баары келишти.

Нурдөөлөт: — Сьемканы тартуу иши башталганда, бардык жарыктар берилди. Аны көргөн чиркейлер туш-туштан чагып баштады. Кызыктын баары ошондо башталды. Ар кимибиз ар кайсы бурчта качып жүрөбүз (күлүп). Бир убакта эле бакалар пайда болду. Баарыбыз кыйкырып эле жатып калдык. Эртеси кыздарыбыздын көздөрүн шишик басып, тири шумдук эле болуп калыптыр.

Сериалдан тапкан акчабызга ыраазы болгонбуз   

Нурдөөлөт: — Чоң киностудиядагыдай акча берилген эмес. Тасма тартылып бүтүп, эфирге чыккандан кийин кассадан 1500 сом алгам. Айлыгым 1000 сомдой болчу.

Мээрим: — Гонорарым 500 сом болгон. Ал учурда биз үчүн чоң суммадагы акча болчу. Шаарга келип, өзүмө керектүү нерселерди алгам.

«Апамдын махабаты» сериалынын уландысы бизге да кызык

Нурдөөлөт: — Негизи, улантылып тартылса жакшы болот эле. Андан ары Кадыр агай, Керездин жана башка каармандардын тагдырлары кандай болмок? Бул жагы бизге да кызык. Мурдагыдай 25-30 сериал эмес, беш эле сериал кылып тартышса деп ойлойм.

Мээрим: — Чынында эле абдан кызыктуу болмок. Себеби сериалдагы ар бирибиздин кийинки жашоо-турмушубуз элге да кызык. Жеңишгүл эже (Өзүбекова) сценарийди улантып жазса, сүйүнүү менен тартылмакпыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM