Биз менен байланышыңыз

Вице-спикер Мирлан Бакиров отставкага кетти

Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 974 | 0

Депутат Мирлан Бакиров вице-спикерлик кызматынан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбук баракчасында жазды.

«Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу чечимин кабыл алды», — деп жазды Төрөбаев.

Маалыматка ылайык, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп бергени айтылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM