Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Пакистан менен бир нече келишимге кол койду (тизме)

Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 407 | 0

Кыргызстан менен Пакистандын билим берүү жаатындагы кызматташуусу тууралуу бир нече келишимге кол коюлду.

Алар:

-Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Лахор медициналык илимдер университетинин (Пакистан) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

-Билим берүү жана илим министрлиги менен Лахор тынчтыкты изилдөө борборунун ортосундагы меморандум;

-Кыргызстан Эл аралык университети менен Пакистан Медициналык илимдер университетинин ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

-Кыргыз экономикалык университети менен Лахордогу Тынчтыкты изилдөө борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

-Евразия эл аралык медицина университети менен Лахор университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

-Евразия эл аралык медицина университети менен Түштүк Азия университетинин (Лахор, Пакистан) ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

2020-жылдын 10-11-декабрында Бишкекте Кыргызстан-Пакистан бизнес-форуму жана тегерек стол өтүп, эки өлкөнүн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгы талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM