Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган 9 жаштагы кыздын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү.
Мекеменин маалыматына караганда, 21-декабрда окуучу кыздын үй-бүлөсүнө керектүү азык-түлүк, жаңы жылдык белектер жана канцеляриялык товарлар берилди.
Мындан тышкары 9 жаштагы Асема Шакированын кайрылуусунда айтылган бардык жагдайларды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Териштирүүнүн жыйынтыгында окуяга баа берилет.
Кемин шаарындагы №1 орто мектептин окуучусу Асема Шакирова Ташиевге видео кайрылуу жасап, пандемия учурунда анын үй-бүлөсү материалдык кыйынчылыктарга туш болуп, мектеп акысын төлөй албай калышканын айткан. Мектепте иштеген апасынын эмгек акысынын аздыгына байланыштуу азык-түлүк да сатып ала албай жаткандыгын билдирген.
Апасы иштеген Кемин районундагы Жалил Садыков мектебинде апасына кысым көрсөтүлгөнүн айткан.
21-декабрда УКМК кыздын кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүп, окуучу кыздын үй-бүлөсү жардамга муктаж экенин көрүшкөн.