Биз менен байланышыңыз

Бүгүн түштөн кийин доллардын курсу жогорулаганы байкалды

Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 933 | 0

Кыргызстанда 21-декабрь түштөн кийинкиге карата АКШ долларынын курсу кайра жогорулаганы байкалды. Сатт 15.00дөн кийинки курс боюнча 1 доллар 80 сомдон сатылып алынып, 81 сомдон сатылууда.

Бүгүн эртең менен коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллар кыргыз сомуна карата 79 сом болуп турган.

Ал эми Улуттук банктын сайтындагы маалыматка таянсак, расмий курс акыркы жолу 80 сом 60 тыйын деп белгиленди. Буга чейин 83 сомдон болуп жаткан.

Кыргызстанда өткөн аптадан тарта АКШ долларынын курсу төмөндөй баштаган. 14-декабрда коммерциялык банктарда 1 доллар 82 сомдун тегерегинде болду.  Улуттук банктын расмий курсу өткөн жумада 84 сом 79 тыйын болгон.

Быйыл өлкөдө доллардын куну жогорулап, 85 сомго чейин жеткен. Улуттук банк интервенция жасап, жыл башынан бери валюта базарына 500 миллионго жакын доллар сатты.

Copyright © 2017 Maral FM