Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Беларусия жаңы жылдан кийин жапырт эмдөөнү баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 524 | 0

Беларусия бийлиги январь айынан тарта коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштайт. Эмдөө үчүн Орусиянын «Спутник V» вакцинасы колдонуларын Беларусия Саламаттыкты сактоо министри Дмитрий Пиневич билдиргенин  «Sputnik Беларусия» маалымат агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин Беларусия Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган вакцинага каттоо күбөлүгүн берип, дарыканаларда сатуу жана ооруга каршы колдонуу уруксаты бекитилерин маалымдаган.

Маалым болгондой, вакцинанын алгачкы партиясы Беларусияга январь айынан тарта келип баштайт. Алгачкы эмдөө медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, соодагерлерге жана ушул сыяктуу көпчүлүк менен иштешкен тармактын адистерине жүргүзүлөт.

Бүгүн Беларусия чек арасын жабат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM