Финансы министрлигинде ачылган атайын эсепке жеке жактардан 33 млн 600 миң сом которулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, укук коргоо органдарынан жалпы 1 млрд 312 млн 94 миң 626 сом келип түшкөн. Анын ичинен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 1 млрд 223 млн 551 миң 690 сом төктү.
Финансы министрлигинде атайын эсеп эки максатта ачылган: биринчиси, мамлекетке зыян келтиргендерден акчаны кайтаруу; экинчиси, тышкы карызды төлөөгө көмөктөшүү; буга жарандар каалаган суммадагы акчасын ыктыярдуу которо алат.
Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан быйыл 20-октябрда кармалган. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деген айып тагылууда.
Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом сом төлөп берерин билдирген. Анын 80 млн сомун алдын ала которгон болчу.