Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген автоунааны кармашты.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана унаа каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Нарын бажысынын кызматкерлери «DAF XF-460» үлгүсүндөгү автоунаа мыйзамсыз алынып келингенин аныкташты.
Мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 1 млн 519 миң 83 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.