Биз менен байланышыңыз

Жаныбек Абидетегин: Кыргыз коомуна шам боло турган китеп чыкты

Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 637 | 0

«Bugupress» маалымат агенттиги билим берүү аркылуу коомдун жашоосун өзгөртүүгө багытталган китепти кыргыз тилинде басып чыгарды. Ал «Сингапур билим берүү системасы: Парадокстордун күчү» деп аталат.

«Bugupress» маалымат агенттигинин директору, долбоордун жетекчиси Жаныбек Абидетегиндин айтымында, китептин бет ачары 22-декабрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында саат 14:30да болот.

Иш-чарада автор, илимпоздор, коомдук ишмерлер Кыргызстан менен Сингапурдун билим берүү системасы тууралуу талкуу кылышат.

«Сингапур билим берүү системасы: Парадокстордун күчү» китебинин түп нускасы англис тилинде, автору Эң Пак Ти. Кыргыз тилине Адамата Алишер уулу которгон.

Китеп билим берүүгө кайдыгер карабагандарга багытталган. Анда Сингапурдун 50 жыл арасында элинин талап-муктаждыгына жараша билим берүүнүн өзгөрүлүүсү жана таасири жазылган.

Жаныбек Абидетегин бул китеп кыргыз коомуна шам болсун деген ниетин билдирет.

«Китеп биз көрө албаганды көрүүгө, биз жете албаганга жетүүгө көмөкчү болсун дедик. Китепти окуп коомубуз, элибиз үчүн өзү түтөп-күйүп жатса да шамдай болуп күйүп-бышып турган эр-азаматтарыбыз арбын болсун деген максат койдук», — деп билдирди ал.

«Bugupress» маалымат агенттиги буга чейин «Грузия кантип реформа жасай алды?», «Кылычсыз самурай», «Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?» китептерин кыргыз тилине которуп басып чыгарган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM