Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда доллардын курсу 79 сомго чейин түштү

Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 513 | 0

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу 79 сомго чейин төмөндөдү.

21-декабрга карата коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 79 сомдон сатылып алынып, 80 сомдон сатылууда.

Ал эми Улуттук банктын сайтындагы маалыматка таянсак, расмий курс акыркы жолу 80 сом деп белгиленди. Анда доллар 2,94 пайызга төмөндөгөнүн көрүүгө болот.

Кыргызстанда өткөн аптадан тарта АКШ долларынын курсу төмөндөй баштады. 14-декабрда коммерциялык банктарда 1 доллар 82 сомдун тегерегинде болду.  Улуттук банктын расмий курсу өткөн жумада 84 сом 79 тыйын болгон.

Быйыл өлкөдө доллардын куну жогорулап, 85 сомго чейин жеткен. Улуттук банк интервенция жасап, жыл башынан бери валюта базарына 500 миллионго жакын доллар сатты.

Copyright © 2017 Maral FM