Биз менен байланышыңыз

Доллардын туруксуздугу ишканалардын кирешесин 20 эсеге азайткан

Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 1156 | 0

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, өлкө ишканаларынын таза кирешеси 1,7 млрд сомду түзүп, 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 20 эсеге азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалым болгондой, чыгашанын көбөйүшүнө пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн тышкары, доллардын туруксуз наркынан улам карыздык төлөмдөрдүн пайызынын өсүп кеткени да себеп болгон.

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жоготуулар 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5 эсеге көбөйүп, чыгашанын көлөмү болжол менен 48 миллиард сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM