Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дарыгер оорунун 2 стадиясын айтып берди

Орусиялык иммунолог-аллерголог Владимир Болибоктун «Российская газетага»  берген интервьюсунда COVID-19 илдети эки стадияда өтүп жаткандыгы айтылат.

Дарыгердин баамында, каронавирус алгач сасык тумоо түрүндө өтөт.  Вируска каршы иммунитети туруштук берген адамдарда оору ушул этапта аяктайт.

Ал эми иммунитети алсыз болгондордо оорунун «вирусемия» деген экинчи этабы пайда болот. Бул учурда вирус былжырлуу тоскоолдукту бузуп, лимфага кирип, бүт денеге жайылат. Болжол менен бир жумадан кийин организм антитела чыгара баштайт, бирок вирустун мүнөзүнө байланыштуу, бул оорунун жүрүшүн күчөтүшү мүмкүн. 

«Муну менен антитела вируска чабуул жасай баштайт. А вирус болсо, алда качан кан тамырлардын кабыгына жайгашып алган болот. Ошентип, иммундук система өз денесине кол салат. Мындан улам организмде сезгенүү процесси башталат», — деди дарыгер.

Иммунолог оорунун алдын алуу үчүн дарыгерлерге өз убагында кайрылуунун зарылдыгын эскертип, оорунун курч фазасынан чыккандан кийин дароо калыбына келтирүүчү терапия курсун баштоону сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM