Биз менен байланышыңыз

Сабиров: Пандемиядан улам өнөр жай тармагындагы төмөндөө 5,5%ды түздү

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 555 | 0

Пандемияга байланыштуу өнөр жай тармагы 5,5% төмөндөгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Ош шаарында өткөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиясынын отурумунда айтты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана инвестициалык климатты жакшыртуу үчүн өнөр жай тармагынын интерактивтүү картасын түзүү зарыл.

«Пандемияга байланыштуу өнөр жай тармагындагы төмөндөө 5,5% ды түздү. Бул жагдайды чогуу ондошубуз керек. Өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында коюлган иш-чараларды толук кандуу аткарылышын катуу көзөмөлдөө керек. Кластердик ишканаларды түзүү жана аларды ишке киргизүү боюнча иш-чаралар канааттандырарлык эмес экендигин белгилейм. Ошол эле учурда жаңы өнөр жай ишканаларын инфраструктура менен камсыз кылуу маселесин өзгөчө белгилегим келет. Инвесторлорду электр энергиясы менен камсыздоо жана башка болгон маселер тез арада чечилүүгө тийиш», — деди Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр тоо кен тармагы боюнча токтолуп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүшү керектигин белгиледи.

«Тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тоо кен ишканаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылышы зарыл. Ошол эле учурда жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен тараптардын компромисске  келүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү шарт», -деди Равшанбек Сабиров.

Ошондой эле Кыргызстандан чыгарылып жаткан руда жана концентраттардын ичинде баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу керектигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM