Connect with us

Арменияда үч күндүк аза күтүү башталды

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 709 | 0

19-декабрда Тоолуу Карабахтагы куралдуу чатактын аяктаганына 40 күн болду. Буга байланыштуу Армения, Тоолуу Карабах үчүн согушта курман болгон жоокерлердин урматына үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.

Буга байланыштуу Арменияда борбордук аянтынан Ераблур мемориалдык комплексине чейин, премьер-министр Никол Пашинян жетектеген аза күтүү маршы өтөт.

Армениянын Саламаттык сактоо министрлигинин тараткан маалыматка караганда, сентябрдын соңунда башталып, алты аптага созулган куралдуу кагылышууда үч миңдей киши каза болгон. Бүгүнкү күнгө чейин согуш аракеттери жүргүзүлгөн жана ага чектеш Жабраил, Физули жана Зангелан райондорунда дайыны табылбай жаткан адамдардын сөөгү изделүүдө. Издөө иштерине орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү жана эл аралык комитеттин өкүлдөрү катышууда. Тоолуу Карабахта жана ага чектеш аймактарда согуш аракеттери аяктаган күндөн бери 969 адамдын сөөгү табылды.
Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги алар тараптан 2700дөн көп аскер көз жумганын кабарлады.

27-сентябрда башталган алты апталык куралдуу согуш 10-ноябрга караган түнү Азербайжан, Армения жана Орусия Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди толук токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка эки миңге жакын аскерден турган тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM