Ош шаарында Патрулдук милиция кызматына кызматкерлерди алуунун экинчи туру өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматы маалымдады.
Учурда катышуу үчүн жалпы 397 талапкер кайрылган, анын 243ү жай тургундар.
21-22-декабрь күндөрү Ош шаарындагы Ахматбек Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо комиссия талапкерлердин физикалык даярдыгын текшерет.
Ош шаарындагы патрулдук милиция жеке эле жол коопсуздугуна эмес, жалпы коомдук коопсуздукка көзөмөл кылат. Милиция дайыма кыймылда болуп, өзүнө бекитилген аймакты кыдырып, мыйзам бузууларды каттап, кылмыштуулуктун бетин ачып, жарандарга укуктук тейлөө кызматтарын көрсөтүшөт.