Биз менен байланышыңыз

Ымыркайды остеопатка качан алып баруу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2020 | 1026 | 0

Жаш балдарды төрөлгөндөн тарта остеопатка алып келсе болот. Бул тууралуу остеопат Жапарбек Жекишов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, түйүлдүк эненин ичинде тулку-бою бүктөлүп, жыйылган абалда болот. Төрөлөр замат алардын баары ачылышы керек. Ымыркай биринчи дем алганда өпкөсү чоңоёт, анын арты менен башка мүчөлөр да ачылат.

Бирок айрым учурда төрөт узакка созулуп же башы туура эмес туруп, кыпчылып калса, ткандар өспөй калат. Ошондуктан ымыркайларды кароо керек.

«Францияда ар бир төрөт үйүндө остеопат болот да, бала төрөлөрү менен дароо карайт. Ал эми бизде бала качан 4-5-7 жашка чыкканда гана остеопатка көрсөтүп жатышат. Ата-эне көңүл бурбай жүрө берет. Мүмкүн болушунча балдарды эртерээк алып келүү зарыл. Анткени сөөк катый электе түзөтүүгө мүмкүнчүлүк бар», — дейт Жекишов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM