Биз менен байланышыңыз

Остеопатия грыжаны дарылай алабы? 

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2020 | 911 | 0

«Остеоклиник» медициналык борборунун дарыгери, остеопат Жапарбек Жекишов «Марал» радиосуна берген маегинде остеопатия аркылуу грыжаны айыктырууга болорун билдирди.

«Кемирчек бузулуп, омуртканын каналына чыгып, нервди кысып калат. Омуртканын түркүгү туура эмес туруп калгандыктан, грыжа пайда болот. Салмактын басымдуу бөлүгү учага түшөт. Эгерде уча жылып кетсе, салмак омурткаларга түшө баштайт. Мындан арылуу үчүн жамбаш сөөктөрдү теңдеш керек. Ал теңделбесе, грыжа боло берет, тагыраагы, операция жасалса да, кайра эле пайда болушу ыктымал. Остеопаддарды бошотуп койсок, тулку-бой өзү жамбаш сөөктү теңдеп алат. «Грыжаны ордуна салып коём, түртүп оңдоп коём» деген сөз туура эмес. Анткени грыжа каналдын ичинде болгондуктан, аны түртүп ордуна салууга мүмкүн эмес. Бирок дененин ресурсу, күчү бар, биз ошолорго таасир этебиз. Ал күчтөр жабылып калат, аны ачуу керек», — дейт Жекишов.

Анын айтымында, омуртка жалаң сөөктөн турбайт, тегерегинде башка ткандар да бар. Андагы чел кабыктар кысылып калса да, омуртка ооруйт. Мындан сырткары омуртка оорусунун ички органдар менен да байланышы болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM