Өкмөт бардык социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсия өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнүп берилерин билдирди.
Социалдык фондунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айы үчүн пенсияларды төлөөгө 4 млрд 156 млн сом каралган.
Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрына карата пенсияларды төлөө 95 %га каржыланды жана жакынкы күндөрү белгиленген графикке ылайык, бардык пенсия толук көлөмдө берилет.
2021-жылдын январында да пенсияларды каржылоо өз учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылат.